Пара талап кылган криминалдык милициянын кызматкерлери кармалды

Пара талап кылган криминалдык милициянын кызматкерлери кармалды

Милициянын катарынан паракорлорду тазалоо боюнча иштер уланып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  милицияга Ш.Х. аттуу жаран кайрылып, арыздануучунун тууганына карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 5000 АКШ долларын талап кылып жаткан Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча 326-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап пара талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын алкагында Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү, милициянын капитаны А.А., БМЖКККнын Ыкчам мобилдик бөлүмдөрдүн башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын подполковниги А.Н. жана жаран Т.Б. арыздануучудан кылмыш ишин токтотуп, тергөө абагындагы арыздануучунун тууганын бошотуп берүү үчүн пара катары 8000 АКШ долларын талап кылышкан.

19-апрелде Баткен облусунун аймагында 3800 АКШ долларын жана 340 000 сом акча каражатын алуу учурунда милициянын подполковниги А.Н. жана жаран Т.Б. кармалган.  Ош облусунун аймагында мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда милициянын капитаны А.А. кармалган.

Кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>