Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалган
Милиция Базар-Коргондо ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү
10.03.2023 | 20:01
Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуп, базарларда, соода маркеттеринде ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда жергиликтүү ишкерлерге көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу зарылдыгын айтып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошууга чакырды. Ар бир жаран ишкердиктен түшкөн пайданы жашырбашы керектигин айтып, салыкты өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти. Мамлекеттин казынасына түшкөн акча каражаты максаттуу пайдаланылып, коопсуздук, эмгек акы, социалдык маселелерди чечүүдө колдонулуп келе жатканын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом