Дүйнөдө эң сапаттуу өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Дүйнөдө эң сапаттуу өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Дүйнөдөгү эң чоң аналитикалык маалымат базасы “Numbeo” 2023-жылдын башына карата жашоонун сапаты боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда Нидерланды, Дания, Швейцария, Люксембург жана Финляндия өлкөлөрүндө жашоо сапаты эң жогору экендиги айтылат.

Изилдөөдө жашоо сапаты сегиз багыт боюнча каралган. Анда ар бир индекс 0дон 200гө чейинки шкала менен өлчөнгөн. Ага ылайык, Нидерланды (196,7), Дания (194,7), Швейцария (193,6), Люксембург (192,9),Финляндия (190,5), Исландия (187,5), Австрия (185,8), Оман (184,7), Австралия (183,0), Норвегия (182) балл алган.

Аталган аналитикалык агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстандын орточо индекси 92,54тү түзөт. Бул өлкөдө жашоо сапаты өтө төмөн деңгээлде дегенди билдирет.

“Изилдөөдө сатып алуу жөндөмдүүлүгү (анын ичинде ижара акысы), коопсуздук, саламаттыкты сактоо, жашоонун наркы, мүлктүн баасынын кирешеге катышы, жолго кеткен убакыт, абанын кирдүүлүгү жана климат каралат. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү, жашоонун наркы жана мүлктүн баасына карата кирешенин катышы – бул өлкөнүн жашоо деңгээлине түздөн-түз байланыштуу болгон жарандын каржылык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт”, — деп айтылат маалыматта.

  • Коопсуздук индекси каракчылык, унаа уурдоо жана башка кылмыштар, ошондой эле баңги аткезчилиги, мүлктүк кылмыштар, зордук-зомбулук кылмыштары, коррупция жана паракорчулукка байланыштуу тынчсызданууну камтыйт;
  • Ден соолук индекси бейтаптын чыгымдарынан тартып тейлөө сапатына, жабдууларга, дарыгерлерге жана кызматкерлерге чейин саламаттыкты сактоо системасынын жалпы сапатын баалайт;
  • Булгануу индекси өлкөнүн жалпы булганышын баалайт. Абанын булганышы, суунун булганышына абдан маани берилет жана таза суу болушу маанилүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>