Милиция: Чүйдө мечиттерден велосипед уурдап жүргөн адам кармалды

Милиция: Чүйдө мечиттерден велосипед уурдап жүргөн адам кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл май айынан тарта Токмок шаарында жана ага жакын райондордо мечиттерден велосипед уурдоо фактылары көбөйгөн. Аталган фактыга байланыштуу «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн милиция иликтөө иштерине киришип, бир айдан ашык ыкчам-тергөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада алар уурулукка шектүү катары 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаранды кармаган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону белгилүү.

Иликтөө иштери учурунда, кармалган жаран Токмокто, Чүйдүн башка райондорунда жана Бишкекте 30дан ашык велосипед уурдагыны аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0312 60-73-63, 03138 6-31-02 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>