Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Алтынбек Айдаралиевге издөө салат.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Алтынбек Айдаралиев ушул жылдын 27-ноябрында саат 19: 00дө Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: бою 180-185 см, кыска кара чачтуу, оң кашында тешиги бар, көздөрү кара.
Кийген кийими: боз түстөгү күрмө, көк түстөгү шым, кара өтүк.
Милиция Айдаралиевдин жүргөн жери жөнүндө маалыматы бар адамдардын 0 (312) 60-73-63, 0 (501) 90-00-65, 0 (551) 10-27-53, 0 (705) 77 телефондору аркылуу байланышууну суранат. -70-50.