Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарды

22.03.2021 | 09:31

Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-мартта “Джал- Артис” кичи районунун тургуну 7 жаштагы уулу ойноп келем деп чыгып бойдон жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө 3 сааттан кийин адашып кеткен баланы милиция кызматкерлери таап, ата-энесине кайтарган.

Ошондой эле аталгандай окуяларды алдын алуу тууралуу баланын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Scroll to Top