Саламаттыкты сактоо негизги тармактардын бирине айланууда — Адылбек КасымалиевУрматбек Боржиев: «Дарыгер бир өмүр үчүн, ал эми жетекчи миңдеген өмүрлөр үчүн жооп берет»Венесуэладагы жер титирөө: каза болгондордун саны 2 954кө жеттиИзраиль согушка көз каранды болуп калды — Режеп Тайип ЭрдоганТерек–Чаты–Терек жана Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолдорунда кыймыл калыбына келтирилдиОш шаарынын мэри жаңы суу түтүгүнүн курулушун тездетүүнү тапшырды
Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарды
22.03.2021 | 09:31
Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21-мартта “Джал- Артис” кичи районунун тургуну 7 жаштагы уулу ойноп келем деп чыгып бойдон жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө 3 сааттан кийин адашып кеткен баланы милиция кызматкерлери таап, ата-энесине кайтарган.
Ошондой эле аталгандай окуяларды алдын алуу тууралуу баланын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом