Милиция шайлоого карата көчмө кабылдамалар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө – сүрөт

Милиция шайлоого карата көчмө кабылдамалар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө – сүрөт

Президенттик шайлоого карата Жалал-Абадда милиция тынымсыз профилактикалык жумуштарды жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мөөнөтсүз президенттик шайлоону  тынч өткөрүү максатында Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык жумуштар жүргүзүлүп, көчмө кабылдамалар иш алып барууда. 

Анын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен районунда ички иштер түзүмдөрүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама унаасы менен район аймактарын кыдырып жатышат. Алар жергиликтүү тургундарды чагымчыл күчтөрдүн такталбаган маалыматтарына ишенбөөгө чакырышууда. Шайлоого карата ар түрдүү жалган чакырыктарды таратпоого жана социалдык тармактарды колдонууда этият болууга үндөшүүдө. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн шайлоо өнөктүгү учурунда үгүт иштерине аралашпоо керектиги ата-энелерге жеткирилүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 53538,53539,53540,53541,53542″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>