Милиция жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, жалган маалыматтарды тараткан шектүү кармалды

Милиция жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, жалган маалыматтарды тараткан шектүү кармалды

Ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, соцтармакка фейк маалымат менен жарнама тараткан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү тараткан жарнамаларда, ИИМдин Кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акча каражаттарын кайтарып берүүгө жардам берери көрсөтүлгөн. Мындай аракеттер жарандарды адаштырууга багытталган алдамчылык схемаларынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана бул жайылтылып жаткан маалыматка тиешеси жок экендигин билдирет.

Ички иштер органдары тарабынан мындай чындыкка дал келбеген (фейк) маалыматтарды таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча кылмыш иши козголду.

«1-февралда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, аталган укукка каршы жосундарга тиешеси бар шектүү Чүй облусунун тургуну, кош жарандыгы бар 1985-жылы туулган, С.М. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Шектүүнүн убактылуу жашаган жерин тинтүү учурунда накталай акча каражаттары, роутерлер, банк карталары, уюлдук компаниялардын 90 даанадан ашык сим-карталары, сим-бокс жабдуулары табылып, алынган», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Сим-бокс (SimBox) — бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү деп жашыруу үчүн колдонулуучу шайман. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасына жасоо үчүн колдонушат.

Учурда кармалган адамдын уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон байланыштары, анын ичинде чет өлкөдөн каржылоо жана жабдуулардын келип чыгышы текшерилип жатат. Ошондой эле анын башка мыйзамсыз алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар экендиги текшерилет.

Тергөө иштери улантылууда.

ИИМ жарандарды сак болууга жана шектүү билдирүүлөрдү алуудан мурун, маалыматты Ички иштер органдарынын расмий булактары аркылуу гана текшерүүгө чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>