Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Милициянын тергөөчүсү пара опузалоого шектелип кармалды
03.04.2023 | 20:41
Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен УКМКнын кызматкерлери 20 миң сом пара талап кылган адамдарды кармоо боюнча иш алып барган.
Шектүү катары Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөөчүсү кармалып, УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилген.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМ ички иштер органдарынын беделин түшүргөн кызматкерлерден тазалануу иштери улантыларын билдирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз