Министр Бакыт Төрөбаев Баткенде Лейлек районун өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү

06.08.2025 | 12:34

Бүгүн, 6-августта Баткен облусунда Лейлек районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өттү.

Ага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Бакыт Төрөбаевдын айтымында, Улуттук программада бул аймакта калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин, ал эми ИДП көлөмүн 30 млрд долларынан кем эмес деңгээлге жеткирүү белгиленген.

“Лейлек районунун, айрыкча агрардык сектордо, өндүрүш тармагында жана туризм чөйрөсүндө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин жалпы милдет — улуттук программанын чегинде бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылуу. Инфраструктураны жакшыртуу, жашоо деңгээлин көтөрүү жана региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн натыйжалуу, өлчөнүүчү чараларды ишке ашыруу керек”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Отурумдун жыйынтыгында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй бир катар тапшырмалар берилди:

− Районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб боюнча инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;

− Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.

Теги: Баткен
Scroll to Top