23-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтДастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралуу
“Хизб ут-Тахрирдин” мурдагы мүчөлөрү экстремисттик идеялардан жума намаз учурунда баш тартты
06.08.2025 | 12:41

1-августта Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылындагы борбордук мечитте тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мурдагы 11 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартышканын УКМК билдирди.
Алар жума намаз учурунда эл алдында өз ойлорунан баш тартканын жарыялап, жарандарды мыйзамсыз диний-экстремисттик уюмдардын чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Белгилей кетсек, бул адамдар 2024-жылдын январында кармалып, мыйзам бузганы үчүн айып пулга жыгылган.
Рубрики: Жаңылыктар