Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болотОш шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулатМаксим Фадеев «Номад» триосунун аткаруусундагы Кыргызстанга арналган ыр чыгарды — кененирээкКыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитиштиШайлообек Атазов сот аны толугу менен актаганын билдирди
Бишкек мэриясы №172 контурда 10дон ашык мыйзамсыз объектилерди бузду
06.08.2025 | 12:17

5-августта Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №172 контурда өзүм билемдик менен курулган 10дон ашык коммерциялык объект жана тосмолор демонтаждалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бузулган объектилердин арасында эмерек цехи, картинг аянтчасы, блок чыгарган цех, автосервис, дүкөндөрдүн жана ашканалардын кире бериш бөлүктөрү болгон. Алар 2021-жылдан кийин курулган жана азырынча мыйзамдаштырылбаган айыл чарба багытындагы жер тилкелерине салынган.
Бул аймак мурда Аламүдүн районуна карап, кийин Октябрь районуна өткөрүлүп берилген. Мэрия буга чейин мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө үчүн бир нече жолу көчмө жыйындарды өткөргөнүн эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар