Токтогул суу сактагычынан ашыкча суу агызылган жок, – Бекмурзаев

27.07.2022 | 15:12

Токтогул суу сактагычынан ашыкча суу агызылган жок. Бул тууралуу 27-июлдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Ал суу сактагычта суу ашыкча агызылып жатканы боюнча далилдер менен сүйлөө керектигин белгилеп, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтары Айыл чарба министрлигине карагандыктан, бул маселе боюнча жооп бере албасын белгиледи.

“Эгер кимдир бирөө күмөн санап жатса, Үч-Коргон ГЭСине барсын. Эгер суу ашыкча кое берилип жатканын тапса, айтып чыкса болот”, – деди ал.

Бекмурзаевдин айтымында, 27-июлга карата Токтогул суу сактагычында 12 млрд 803 млн метр куб суу топтолду.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top