Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны кескин өстү

Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны кескин өстү

Казакстанда акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 жуктурган 2684 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиясы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, жаңы учурлардын 864ү Нур-Султан, 505и Алматы шаарларында жана 379 учур Караганда облусунда аныкталды.

Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 338 090го жетти.

Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылуусу боюнча Нур-Султан шаары «сары зонада», өлкөнүн республикалык маанидеги калган шаарлары менен облустары «жашыл зонада» жайгашкан.

Казакстанда эпидемиологиялык абал быйыл июнь айынын аягынан тарта кайра начарлай баштаган. Ага чейин март айынан бери суткасына коронавирус жуктурган 100гө жетпеген учур аныкталып келген.

14-июлдан тарта жаңы учурлар миңден ашып, 21-июлдан кийин күнүнө 2 миңден көп жаңы учур каттала баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>