Министрлик “ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз” деген үй-бүлө боюнча үн катты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “ачка калбайлы деп, иттин этин жейбиз” деген үй-бүлө боюнча үн катты.
Министрлик билдиргендей, аталган үй-бүлөгө мындан мурдараак тиричилик техникасы жана коңшулары тарабынан жарым миллион сом акча берилген.
Маалым болгондой, аталган үй-бүлө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Бишкекке көчүп келип, ижарага алынган батирде жашайт. Үй-бүлө башчысы ар кандай жумуштарда иштеп жан багат. Алар министрликтин Бишкектеги Свердлов райондук башкармалыгында турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлө катары каттоодо турат. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөдөгү эки бала орто мектепке, кичүүсү бала бакчага орноштурулган.
“Балдардын энесине 15 миң сом айлык акы менен жумуш сунушталган, бирок ал баш тарткан. Ошондой эле атасы жумушка орношуудан баш тарткан”, – деп билдирет министрлик.
Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин гуманитардык жардам катары үй-бүлөгө муздаткыч, кир жуугуч машина, телевизор, термопот берилген. Кварталдык комитеттин башчысынын айтымында, коңшулар үй-бүлө үчүн 590 миң сом чогултуп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз