Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек араны талкуулады (видео)

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек араны талкуулады (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Душанбеге Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V Консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен барган.

Жолугушууда президенттер кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартиптеги маселелер, Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы V Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашкан.

«Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиктерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>