Министрлик: Мугалимдердин үгүт жүргүзгөнгө акылары жок

Министрлик: Мугалимдердин үгүт жүргүзгөнгө акылары жок

Мугалимдердин үгүт ишин жүргүзгөнгө акылары жок. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда мугалимдер окуучуларга жана ата-энелерге басым кылуусу мүмкүн.
«Алар мамлекеттик иште иштеп жатып, үгүт жүргүзгөнгө акылары жок. Бирок жаран катары добуш бергенге акылуу», – дейт Жусупбекова.

Ошондой эле министрдин орун басары мектептердин шайлоо участкасы катары колдонулуп жатканына токтолду.

«Эгер  мугалим убактылуу кызматтык милдеттерин тапшыруу тууралуу арыз жазган болсо шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштей алат. Ошол эле учурда айлыгы да кете берет. Бирок ал үгүт иши менен алектенбеши керек», — деди Жусупбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>