Баткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаган
Москва – Бишкек каттамынын учагы шашылыш Самарага конду
28.10.2023 | 17:11
Москва-Бишкек каттамы менен келе жаткан (№YK884) учак шашылыш Самара шаарына конду. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге “Манас” эл аралык аэропортунан такташты.
Алардын айтымында, азырынча эч кандай кошумча маалымат жок. Учактын эмне себептен шашылыш конгону жана качан кайра Кыргызстанга багыт алары дагы белгисиз.
Белгилей кетсек, орус порталдарынын маалыматында, YK884 каттамы бүгүн Домодедов аэропортунан учуп чыккандан кийин абада жардам белгисин берген. Андан кийин аны Самарадагы аэропортко кондурушкан.
Каттам Avia Traffic компаниясына тиешелүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом