Москвада 19 кыргыз жараны батирлерде жашырынып жүрөт

Москвада 19 кыргыз жараны батирлерде жашырынып жүрөт

Тажикстандын суроосу менен Москвада кармалган Замирбек Досматовду элчилик тез аранын ичинде боштондукка чыгарууга кам көрүшү керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты  Нурлан Ражабалиев парламентте билдирип, бир канча талаптарды койду.

Москва шаарында 23-февралда Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тургуну Замирбек Досматов укук коргоо органдары тарабынан кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Себеби, Тажикситанда 2019-жылы апрель айында  чек арада болгон чыр чатакка катышты деген айып менен иш козголуп, ал кылмыш иштин алкагында 19 кыргыз жараны тизмеге кошулуп калган. Бүгүнкү күндө ошол тизмеге кирип калган жарандарыбыз Москвада батирлерде жашырынып жүрүшөт. Өз укуктарын коргой албай жатышат, каякка барып кимден укуктарын коргоорун билбей, суранып жатышат.

Бизге жеткен маалыматка караганда, ушундай иш козгоолордун натыйжасында кыргызстандыктардын саны 150гө жеткен. Ошол айылдын аттуу-баштуу кишилери ушундай тизмеге кирип отурат” – деди.

Ошондой эле 4 багытта протоколдук тапшырма берди:

  1. Замирбек Досматовду тез аранын ичинде боштондукка чыгарсын. Элчиликке тапшырма берсек.
  2. Москва шаарында жашырынып жүргөн жарандарыбызга элчилик укуктук жактан коргоп, атайын чараларды көрсүн.
  3. Тизмеге кирип калган 150 кишинин иши боюнча ТИМ Тажикстан тарап менен сүйлөшүп тизмени жокко чыгарсын.
  4. Элчилик Орусияда адвокаттык бөлүмдөрдү ачып, жарандарга укуктук жактан жардам көрсөтсүн.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>