Токторбаев: Адахан Мадумаров «кой терисин жамынган карышкыр» (ВИДЕО)

Токторбаев: Адахан Мадумаров «кой терисин жамынган карышкыр» (ВИДЕО)

Урматтуу Адахан мырза, сиздин образыңыз “волк в овечьей шкуре”. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев парламент жыйынында билдирди.

Депутат өзүнүн кесиптеши Адахан Мадумаров менен болгон мамилесиндеги жаракаларды сыртка чыгарды.

“Өткөн аптада коопсуздук комитетинин жыйынында Адахан Мадумаров менин дарегиме “өзүңөрдүн досуңардын мыйзамын кабыл алып жатасыңар”- деп сын айтты. Бирок, мен буга кошулбаймын. Анткени, ал долбоорду комитетте караганбыз. Аны кайтарып комитетте караштын кереги жок болчу. Эгерде толуктоолор киргизиле турган болсо, экинчи окууда карасак болмок. Адахан мырза мугалим болгонун, акыл-насаат айтканын такыр койбоду. Адахан мырза өзүн бийик тутуп, өзү жөнүндө абдан бийик ойдо жүрөт. Ал таптакыр андай эмес. 88 депутаттын бирөөсү. Чындыкты чындай айтыш керек. Урматтуу Адахан мырза, сиздин образыңыз “волк в овечьей шкуре””- деди.

Андан соң төрага Талант Мамытов депутаттарга сын айтууга этика боюнча туура келбестигин айтып, бири-бирин айыптабоого чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>