Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Москвада Алыкул Осмоновдун “Менин үйүм” жыйнагынын бет ачары өттү
24.04.2025 | 11:28
Москва шаарындагы китепканалардын биринде көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун кайра басылып чыккан “Менин үйүм” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү. Бул иш-чара акындын 110 жылдыгына арналган маданий программалардын алкагында уюштурулду.
Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, кыргыз жана орус адабият өкүлдөрү, Москвадагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты. Катышуучуларга акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, анын ырлары окулду жана музыкалык чыгармалар аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул иш-чараны Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-руханий байланышты чыңдоонун бир көрүнүшү катары белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар