КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкектин 147 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өтөт
24.04.2025 | 11:16
26-27-апрель күндөрү Бишкек шаарынын 147 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Бул күндөрү борбордук Ала-Тоо аянтында саат 13:00дөн 22:00гө чейин спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлөт. Ошондой эле жаштардын флешмобдору өтөт.
Мындан тышкары жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар уюштурулат. Өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D- мэппинг шоу көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом