Москвалыктар Жаңы жылды майрамдоого шаардан тышкары жерлерди издей башташты

Москвалыктар Жаңы жылды майрамдоого шаардан тышкары жерлерди издей башташты

Москвалыктар Жаңы жылды майрамдоо үчүн шаардан тышкары жерлерди издей башташты. Бул тууралуу борбор шаарга жакын аймактардагы ресторандардын бириндеги кызматкерлер Business FMдин кабарчысына айтып беришкенин Lenta.ru басылмасы жазды.

Москвада түнкүсүн ресторандарга иштөөгө тыюу салынган. Ошол себептен москвалыктар Жаңы жылды калаанын сыртында тозуу үчүн шаардан чыгып кетишүүдө.

Ушундай эле чектөөлөр Ярославлда жана Нижний Новгород аймагында дагы бар. 

Басылманын маалыматына ылайык, учурда аталган шаардын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү  борбордон кетүүгө ылайыктуу жер издешүүдө.

10-ноябрда мэр Сергей Собянин Москвадагы кафе-барларды түнкүсүн иштөөгө тыюу салган. Москвадагы коомдук тамактануу жайларында (ресторандар, кафелер, барлар), түнкү клубдарда жана караокеде түнкүсүн саат 23: 00дөн 6: 00гө чейин келгендерди тейлөөгө тыюу салынат. Жаңы талаптар 2020-жылдын 13-ноябрында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-январына чейин күчүндө болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>