Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Муфтият 2026-жылдагы ажылык сапар үчүн авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады
12.09.2025 | 15:01

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдагы ажылык сапарга зыяратчыларды ташууну уюштурууга авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады.
Документтерди кабыл алуу 6-октябрга чейин, сынак 8-октябрда Бишкек шаарында өтөт.
Сынакка катышуу үчүн авиакомпанияларга коюлган негизги талаптар:
- Сауд Араб Падышалыгынын (САП) эрежелерине жооп берүүчү лицензия жана сертификаттарга ээ болуу;
- Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда жана Мадинага түз рейстерди аткаруу мүмкүнчүлүгү;
- Кеминде төрт учакты колдонуу мүмкүнчүлүгү жана 6060 ажыны ташууну камсыздоо;
- Ажыга баруучулар үчүн 30 кг багаж, 10 кг кол жүк жана 5 литр Зам-зам суусу менен камсыздоо;
- Учакта «ХАЛАЛ» стандартындагы ысык тамак менен тейлөө;
- Муфтият менен үзгүлтүксүз байланышта болуу жана бардык документтерди мамлекеттик же расмий тилде берүү.
Сынактын жеңүүчүсү менен келишимде төлөм жана жоопкерчилик, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча келишимге байланыштуу бардык талаш-тартыштарды чечүү тартиби белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом