Кыргызстанда кичи ажылыкка баруунун баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кичи ажылык уюштуруу иштерин улантууда.
«Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышы зарыл», — деп айтылат маалыматта.
Зыяратчылар төмөнкү телефон номерлер аркылуу толук маалымат ала алат: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз