Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн саны азайдыбы?

Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн саны азайдыбы?

Жыл башынан бери Кыргызстанда 613,2 миң адам жөлөк пул жана компенсация түрүндө социалдык төлөмдөрдү алышкан. Бул тууралуу коллегиялык жыйында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

«Жыл башынан бери республикалык бюджеттен мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө 9 млрд 787 млн ​​400 миң сом каржыланды. Ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын саны 5,7 пайызга азайып, 346 миң 100 адамды түздү», — деди ал.

Министр 1-июндан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул 50 пайызга — 810 сомдон 1200 сомго чейин жогорулаганын эске салды. 1-январдан тартып «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулар үчүн электр энергиясынын тарифи айына 700 киловатт-саатка чейин керектөө менен 1 киловатт-саатка 50 тыйын өлчөмүндө арзандады.

Кудайберген Базарбаев белгилегендей, өткөн жылга салыштырмалуу «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган 16 жашка чейинки балдардын үлүшү 0,9 пайызга азайып, балдардын жалпы санынын (2,5 миллион адам) 14,2 пайызын түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>