Мурда милиционерди өлтүргөн адам Чүйдө эки жигитке тапанчадан ок чыгарган

Мурда милиционерди өлтүргөн адам Чүйдө эки жигитке тапанчадан ок чыгарган

Мурда милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн 11 жыл абакта отруп чыккан адам Жайыл районунда эки адамга ок чыгарган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 21-ноябрь күнү Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Ошол эле кафеден дагы бир 22 жаштагы жаран ок жегенин айтып милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактылар Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 34 жаштагы адамды кармалып,  Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Облустук милициянын маалыматына караганда, кылмышка шектүү 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүргөнү үчүн 11 жылга эркинен ажыратылып, өткөн жылы абактан чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>