Мурдагы күйөөсү күч колдонуу менен аялдын буюмдарын тартып алды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Арыз ээсинин айтымында, март айынын аягында ага мурунку күйөөсү келип, аялдын эки телефонун күч менен тартып алган.
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен катталды.
Милиция кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган М.М. ны кармаып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.