Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшердиТамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жокКыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледиMUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңдиЧүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү
Мурдагы депутат негиздеген компанияга 200 миң сом айып салынды
22.11.2024 | 12:16
Бишкекте көп кабат үй куруп жаткан «Беш Сары» компаниясына 200 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан үйдү текшерүү учурунда имараттын жүк көтөрүүчү каркасында, тосмо конструкцияларында, чатырында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган. Ага байланыштуу компанияга 200 миң сом айып салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү тапшырылган. Кемчиликтер жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.
Эскерте кетсек, «Беш Сары» компаниясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев тарабынан негизделген. Учурда компанияны анын кызы Наргиза Жолдошбаева жетектейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом