Дүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө
Мурдагы эмгек министри Базарбаев жаңы кызматка дайындалды
14.09.2023 | 15:17
Мурдагы эмгек министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка караганда, Базарбаевди агенттиктин эмгек жамаатына президенттин администрациясынын президенттин чемимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырган.
Аталган агенттикти буга чейин жетектеген Улан Карыпбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.
Белгилей кетсек, Кудайберген Базарбаев буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын ээлеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом