Москвада башы кесилип өлтүрүлгөн адам кыргызстандык болуп чыкты

Москвада башы кесилип өлтүрүлгөн адам кыргызстандык болуп чыкты

Москвада башы кесилип киши колдуу болгон адам Кыргызстандын 29 жаштагы жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчлиги билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин россиялык ММКлар Москвада эки адам башы кесилип өлтүрүлгөнү тууралуу жазып чыккан. Бул кылмыштар эки башка жерде болгон. Биринде кылмышкер 56 жаштагы жаранды өлтүргөн. Маркум өз үйүндө киши колдуу болгон.

Россиялык ММКлар жазгандай, экинчи болуп кылмышкер Кыргызстандын жаранын өлтүргөн. Анын сөөгү сейил бакта табылган. Шектүү катары Өзбекстандын 22 жаштагы жараны кармалган. Шектүүгө карата психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган.

ММКларга чыккан жаңылыктарга байланыштуу элчилик Россиянын укук коргоо органдарына маалымат алуу үчүн кайрылган.

Элчиликтен билдиришкендей, алардын кызматкерлеринин жана каза болгон жарандын апасынын катышуусунда маркумдун өздүгүн тактоо процедурасы жүргүзүлүп, маркум 29 жаштагы Кыргызстандын Б.у.С. аттуу жараны болуп чыккан.

«Учурда элчилик тарабынан каза болгон жарандын жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө, ошондой эле маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда», — деп билдиришти элчиликтен.

Азыркы тапта полиция аталган факттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>