Мыйзамсыз баюуга айыпталган Аманкулов 50 миллион сом төктү

Мыйзамсыз баюуга айыпталган Аманкулов 50 миллион сом төктү

Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды атайын эсепке которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз баюуга айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ал эми, калган бөлүгүн, келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөйт.

Белгилей кетсек, март айында УКМК Марат Аманкуловго мыйзамсз байыган деп иш козгогон.

Ал эми бүгүн, 1-апрелде Аманкулов депутаттык мандатын тапшырганын БШК кабарлаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>