Депутат Марат Аманкуловго мыйзамсыз байыды деп иш козголду

Депутат Марат Аманкуловго мыйзамсыз байыды деп иш козголду

Жогорку Кеңештин А.М.А. аттуу депутатына мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон.

Ал мүлктөрүн жашыруу үчүн жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык каражатты түзгөнү кабарланат.

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан эл өкүлү 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен көптөгөн мүлккө ээ болгондугу айтылууда.

УКМК учурда анын байлыгын мыйзамдаштырууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча аталган депутат Марат Аманкулов болушу мүмкүн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>