Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолу убактылуу жабылды
12.04.2023 | 18:11
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун Тамчы участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда № 26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар жолду кардан тазалап жатышат. Көчкүнүн көлөмү 1750м3ду түзөт.
Жакынкы сааттарда кар көчкү тазаланып, каттам үчүн жол ачылат. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом