Кемпир-Абад иши: Журабаева менен Капаров үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши: Журабаева менен Капаров үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Чыңгыз Капаров жана Гүлнара Журабаева бүгүн, 12-апрелде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти

Маалым болгондой, бүгүн райондук сотто алардын баш коргоо чарасы каралып, сот аларды 20-июнга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бүгүн ошондой эле, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асия Сасыкбаева, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абылов, активисттер Улукбек Маматаев менен Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>