Н.Жусупбекова: “Акыркы коңгуроодо” бардык коопсуздуктар сакталсын

08.06.2022 | 14:49

Билим берүү министринин орун басары “Акыркы коңгуроодо” коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Бгүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук/шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

«Биз үчүн баланын өмүрү, анын коопсуздугу биринчи орунда. Андыктан ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо биздин милдетибиз. Ата-энелерге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Тилекке каршы, окуу жылы аяктап жатканына карабай ар кандай кырсыктар катталып жатат», – деп белгиледи Надира Жусупбекова.

Өз кезегинде билим берүү уюмдарынын жетекчилери министрлик тарабынан бекитилген бардык эрежелердин аткарылышы көзөмөлгө алынганын айтышты.

Эскерте кетсек, “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте окуучулардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул үчүн тиешелүү органдар иш баштады.

Scroll to Top