Н.Жусупбекова: «Акыркы коңгуроодо» бардык коопсуздуктар сакталсын

Н.Жусупбекова: «Акыркы коңгуроодо» бардык коопсуздуктар сакталсын

Билим берүү министринин орун басары «Акыркы коңгуроодо» коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Бгүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук/шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

«Биз үчүн баланын өмүрү, анын коопсуздугу биринчи орунда. Андыктан ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо биздин милдетибиз. Ата-энелерге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Тилекке каршы, окуу жылы аяктап жатканына карабай ар кандай кырсыктар катталып жатат», — деп белгиледи Надира Жусупбекова.

Өз кезегинде билим берүү уюмдарынын жетекчилери министрлик тарабынан бекитилген бардык эрежелердин аткарылышы көзөмөлгө алынганын айтышты.

Эскерте кетсек, “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте окуучулардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул үчүн тиешелүү органдар иш баштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>