Жалал-Абад: Бүтүрүүчүлөргө эс алуу уюштурууга тыюу салынды

Жалал-Абад: Бүтүрүүчүлөргө эс алуу уюштурууга тыюу салынды

Жалал-Абад облусунун аймагында бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция тарабынан профилактикалык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын жана Тогуз-Торо районунун милиция кызматкерлери ата-энелер жана бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугушту.

Анда түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында жаратылыш койнунда эс алууга, көлмөлөргө барууга, автоунаалардын коштоосунда шаар кыдырууга тыюу салынгандыгы эскертилди. Буга чейин орун алган терс көрүнүштөр камтылган видео тасма да көрсөтүлдү. Билим берүү мекемелериндеги иш-чаралар аяктаган соң ата-энелер өз балдарын тыкыр көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан мектеп окуучулары арасында футбол жана волейбол мелдеши өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле кылмыштуулукка жана жаратылыш кырсыктарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>