Нарын облустук милициянын эки кызматкери Азия чемпиону болду
Нарын облустук милициясынын эки кызматкери универсалдуу мушташ боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Мелдеш 11-17-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн.
“Чемпионатта милиция кызматкерлери бир катар өлкөдөн келген мушкерлер менен күч сынашкан. Милиция кызматкерлери жумушта гана эмес, спорт жаатында дагы ийгиликтерге жетишти”, – деп билдирет облустук милиция.
65 кг салмакта Атайын операциялар отрядынын кенже ыкчам өкүл жоокери Тенти уулу Сыймык жана 80 кг салмакта Нарын райондук милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Нурбек Айдаров 1-орунду орунду ээлеген.
70 кг салмакта атайын операциялар отрядынын ыкчам өкүл жоокери Аскер Үсөнбаев жана 75 кг салмакта Нарын облустук милициянын КККнын өзүнчө ротасынын милиционери Мирбек Айдаров 3-орунга татыган.
[image_carousel source=”media: 196123,196124,196125,196126,196127,196128,196129,196130,196131″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз