Сары-Жаз ГЭС каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат

Сары-Жаз ГЭС каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат

Кыргызстан Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан тараптан документке Кытайда расмий сапар менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай тараптан Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй кол койгон.

Ошондой эле, аталган компания менен «Кемин — Торугарт» электр линиясын куруу боюнча меморандумга кол коюлган.

Кыргызстан менен Кытай кол койгон документер:

  1. КР министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;
  2. КР министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы пландалган «Бедел» өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү жолду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;
  3. КР министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетилген почтаны илгерилетүүнү активдештирүү жөнүндөгү макулдашуу;
  4. КР министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндөгү макулдашуу;
  5. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын курууда кызматташуу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;
  6. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ «Кемин — Торугарт» электр линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун долбоору.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектеги Жылуулук электр борборун модернизациялоосун жасаган. Бирок кийинчерээк модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда коррупция аныкталып, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир катар аткаминер соттолгон.

Жапаров тик учак менен Сары-Жазда ГЭС курула турган жерди көрдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>