Нарында үймө-үй кыдырып ооруган адамдарды табуу иши башталды

Нарында үймө-үй кыдырып ооруган адамдарды табуу иши башталды

Нарында үймө-үй кыдырып ооруган адамдарды табуу иши башталды. Бул тууралуу аталган облустун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорунун өөрчүп кетүүсүн алдын алуу максатында үймө-үй кыдырып ооруп жаткан адамдарды табуу аракети башталды.

Бул боюнча облустук штабдын чечими менен тапшырма берилди.

Нарын шаарында жана облустун аймактарында түзүлгөн мобилдик топтор тарабынан бул иш жүзөгө ашат. Ыктыярчылардан да колдоо күтүлөт.

Мындай аракеттин арты менен үйүндө ооруп аткан жарандарга кечиктирилбестен медициналык колдоо көрсөтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>