Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Нарында акча опузалоого шектелип “Жамбаш” каймана аты бар адам кармалды
09.11.2023 | 16:11
Нарындын Ак-Талаа районунда акча опузалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Ак-Талаа районунун тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 17-октябрда болжол менен 16:30да А. аттуу жаран эч себепсиз сабап, ур-токмокко алып, ал иштеткен ашканага келип, ай сайын 7-8 миң сомдон берип турасын деп акча опузалаган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2 пункту (Опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчма-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 46 жаштагы А.К. аттуу жаран (каймана аты “Жамбаш”) кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Соттун чечими менен ал 1 айга тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз