Жарандар Акыйкатчыга эми расмий сайты аркылуу кайрыла алат

Жарандар Акыйкатчыга эми расмий сайты аркылуу кайрыла алат

Акыйкатчы институту расмий сайтынын жаңы версиясын  — ombudsman.kg ишке киргизди.

Маалыматка караганда, Европа биримдиги “КРдагы мыйзамдын үстөмдүгү. 2-фаза” деп аталган долбоордун алкагында сайтты иштеп чыгууга техникалык көмөк көрсөттү.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жаңы сайтта жарандардын онлайн-кайрылуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр каралганын белгиледи.

“Негизинен сайтта интернет-кабылдама бар, ал жерден арыз берүүчүлөр өздөрүнүн кайрылууларын жөнөтө алышат. Ошондой эле жарандар тигил же бул укуктары бузулган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөр жазылган көптөгөн бөлүмдөр бар.

Калктын аялуу катмарынын укуктары өзүнчө блоктор менен бөлүнгөн. Ар бир блокто укуктар бузулган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу, улуттук мыйзамдарга ылайык кимдин кандай укуктары бар экендиги тууралуу кеңири баяндалган”, — деп белгиледи Акыйкатчы.

Ошондой эле сайтта суроо-жооптор рубрикасы каралган. Бул рубрикадан сиздер институттун ишмердиги тууралуу көп берилген суроолорго баардык жоопторду таба аласыздар.

Мындан тышкары жаңы сайт мультимедиалык форматта сунушталды. Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат Кыргызстандын интерактивдүү картасында жайгашкан. Мындай  өзгөчөлүк колдонуучу үчүн абдан ыңгайлуу жана жеңил кабыл алынмакчы.

Сайт мобилдик түзүмдөргө ыңгайлаштырылган, бул болсо аны колдонуучулар үчүн көбүрөөк ыңгайлуу кылмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>