Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Нарында дарыясына кулап кеткен экскаваторчунун сөөгү табылды
04.07.2023 | 09:33
Нарын дарыясына экскаватор менен кирип кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Маалыматка караганда, 3-июлда издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын тургуну, 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн таап, куткаруучулар суудан чыгарып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, 2-июнда саат 15:22 чамасында Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда экскаватору менен түшүп кеткен.
Издөө иштерине 19 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом