Нарында подполковник Орозалиевдин элесине арналган иш-чара өттү
Нарын облусунда Кызыл-Жылдыз айылынын “Ардактуу атуулу”, милициянын подполковниги, маркум Талантбек Орозалиевдин урматына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди
Бүгүн, 22-февраль күнү өткөн иш-чара Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектептин директору Мирзат Мамбетова, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нуржан Усупова, координатору Айзада Намыраева жана 8-9-10-класстын окуучулары тарабынан уюштурулган.
Облустук милициядан белгилешкендей, мектеп окуучуларынан куралган “Милициянын жаш жардамчылары” тобу Талантбек Орозалиевди кумир тутуп, келечекте сыймыктуу инсандын атын өчүрбөөгө, жолун улантууга сөз беришкен.
Иш-чаранын уюштуруучулары Нарын облустук милициянын грамоталары менен сыйланышкан.
Белгилүү болгондой, аталган мектептин атактуу инсандарга арналган көргөзмө бөлмөсүндө Талантбек Орозалиевдин элесине арналган көргөзмө түзүлгөн.
[image_carousel source=”media: 178706,178707,178708,178709,178710,178711″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз