Быйыл 2260 га аянтка экме токой отургузуу пландалууда

Быйыл 2260 га аянтка экме токой отургузуу пландалууда

Быйыл мамлекеттик токой фондусунун жерине 2260 га аянтка экме токой отургузуу пландалууда. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын жаз айларында Талас облусуна – 75 га, Чүй облусуна – 195 га, Нарын облусуна – 130 га, Ысык-Көл облусуна — 270 га, Ош облусуна – 275 га, Баткен облусуна – 655 га жана Жалал-Абад облусуна – 660 га аянтка экме токойлор отургузулат.

Экме токой отургузуу, мурунку жылдардын экме токойлорун толуктоо жана жашылдандыруу иштерине жалпы 5 млн. 927 миң даана стандарттык көчөт материалдары өстүрүлүп, анын ичинен 3 млн. 832 миң даанасы себилме жана 2 млн. 95 миң даанасы эгилме көчөт материалдары.

Талас облусуна – 204,7 миң даана, Чүй облусуна – 417,5 мин даана, Нарын облусуна – 510,8 миң даана, Ысык-Көл облусуна – 827,5 миң даана, Ош облусуна – 539,3 миң даана, Баткен облусуна – 375,5 миң даана, Жалал-Абад облусуна – 3 млн. 51 миң даана стандарттык көчөт материалдары өстүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>