Нарында подполковник Орозалиевдин элесине арналган иш-чара өттү

Нарында подполковник Орозалиевдин элесине арналган иш-чара өттү

Нарын облусунда Кызыл-Жылдыз айылынын «Ардактуу атуулу», милициянын подполковниги, маркум Талантбек Орозалиевдин урматына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди

Бүгүн, 22-февраль күнү өткөн иш-чара Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектептин директору Мирзат Мамбетова, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нуржан Усупова, координатору Айзада Намыраева жана 8-9-10-класстын окуучулары тарабынан уюштурулган.

Облустук милициядан белгилешкендей, мектеп окуучуларынан куралган «Милициянын жаш жардамчылары» тобу Талантбек Орозалиевди кумир тутуп, келечекте сыймыктуу инсандын атын өчүрбөөгө, жолун улантууга сөз беришкен.

Иш-чаранын уюштуруучулары Нарын облустук милициянын грамоталары менен сыйланышкан.

Белгилүү болгондой, аталган мектептин атактуу инсандарга арналган көргөзмө бөлмөсүндө Талантбек Орозалиевдин элесине арналган көргөзмө түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>