Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча кылмыш иши козголду

Нарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Кайгылуу окуя Нарын районунун Ийри-Суу айылында болгон. Облустук милициянын маалыматында, 1-апрелде 2012-жылы туулган окуучу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алган абалда табылган.
Бул окуя парламентте да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ишти көзөмөлгө алууну суранган. Депутаттын айтымында, окуучунун өз жанын кыюусуна мектепте дайыны табылбай калган 110 сом себеп болушу мүмкүн. Мектептин тарбия завучу акчаны жоголушун маркум окуучудан көрүп, аны кабинетинде суракка алган. Ушул окуядан кийин бала өз жанын кыйган. Ошондой эле депутат бул ишти жаап коюу аракети да болуп жатканын билдирген.