УКМК Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты К.у.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалганын билдирди.
Алдын ала тергөө материалдарына ылайык, К.у.Б. төмөнкү мыйзам бузууларга жол берген:
- Алдамчылыкка шектелип жаткан П.З.К. аттуу жарандан 180 миң сом алган;
- Бул кылмышка тиешеси жок Т.О.Т. аттуу жарандын банктык эсебинен мыйзамсыз түрдө 181 409 сом акча каражатын чыгарып алган;
- Сот органдарынын чечимдерин кыйгап өтүп, жабырлануучулар М.у.У., Т.М.Т.,Т.к.Ж., (ар бири 120 миң сомдон) көрсөтүлгөн акча каражаттарын (жалпы суммасы 361 миң 409 сом) келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары бөлүштүрүүдө мыйзамсыз аракеттерге жол берген.
- Жазык ишин токтотуу үчүн тараптарды элдештирүү боюнча жасалма протокол түзгөн.
Белгилүү болгондой, П.З.К. телефон алдамчылардын курмандыгы болуп калган. Анын эсебине үч жабырлануучудан жалпысынан 600 миң сом түшкөн, бул болсо анын айыпталуучу катары тергөөгө тартылышына себеп болгон. Ошондой эле, Т.О.Т. аттуу жарандан алынган 181 409 сом П.З.К.га «Binans» санариптик валюталарын сатып алуу үчүн түшкөнү эске алынган эмес.
Тергөөчү тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын натыйжасында Т.О.Т. аттуу жаран 181 409 сом өлчөмүндөгү материалдык зыянга учураган. Ал эми жабырлануучулар М.у.У., Т.М.Т. жана Т.к.Ж. ар биринен 80 миң сомдон акча каражатын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.
Шектүү К.у.Б. Ат-Башы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.